Сатывалдиев Асылбек Владимирович Чүй облусунун Сокулук районунун мамлекеттик администрация башчысы – акими болуп дайындалды.
Тиешелүү буйрукка Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.
Сокулук районунун жаңы акимин райондук администрациянын жамаатына Өкмөттүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук өнүктүрүү бөлүм башчысынын орун басары Жетиген Бакиров тааныштырды.