Кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулганына байланыштуу өткөн айда кармалган мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атаханов үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлады.
Маалыматка ылайык, Атаханов кылмыш ишинин алкагында тергөө иштерин жүргүзүү үчүн 7-июнда Бишкектеги №1 тергөө абагынан ИИМдин Тергөө кызматына жеткирилген.
“Адвокаттын катышуусунда тергөө амалдарын жүргүзүү маалында Ш. Е. Атаханов тергөө менен кызматташуу ниетин билдирди. Буга байланыштуу аны камакта кармоо тууралуу бөгөт чарасы башкага өзгөртүлдү”, – деп айтылат ИИМдин расмий маалыматында.