Бай өлкөдөгү депутаттын жупуну жашоосу: коомдук транспорт, эл катары маяна

317

Пер-Арне Хаканссон сыяктуу парламентарийлерди катардагы эле ашканалардан кезиктиресиң

Парламент депутаттарынын кызматы көп өлкөлөрдө мансаптуу, шаан-шөкөттүү. Кымбат унаа, олчойгон эмгек акы, кызматтык жеңилдиктер.

Бирок мындай жыргал жашоо бир гана Швецияга мүнөздүү эмес. Бул өлкөнүн саясий маданиятында эл өкүлдөрү абдан үнөмдүү болушу керек. Кеп салыкчылардын каражаты жөнүндө жүрүп жатканда, албетте, алардын эмгек акысы эч качан чоң болушу керек эмес.

Биз катардагы эле жаранбыз да. Парламент өкүлдөрү үчүн өзгөчө артыкчылыктарды берүүнүн зарылчылыгы жок. Биздин негизги жумуш – жарандардын кызыкчылыгын коргош жана алар жашап жаткан реалдуу турмушту жашоо“,-деп айтып берди ВBC News Brasil кызматына Швециянын Социал-демократиялык партиясынын депутаты Пер-Арне Хаканссон.

Швед парламентарийлери коомдук унаада бекер жүрө алышат. Бирок алардын кызматтык унаасы жана айдоочусу болбойт. Парламенттин карамагында үч эле унаа бар – Volvo S80 үлгүсүндөгу унаалар. Аны төрага жана орун басарлары расмий иш-чаралар учурунда гана пайдаланышат.

Биз эч кандай такси кызматын дагы сунуштабайбыз. Биздин уналаар башка депутаттарды эч качан үйүнө же башка жумуш менен жеткирип барбайт“,-дейт парламент өкүлү Рене Поэдке.

Швецияда премьер-министр Стефан Лёвен кызматтык унаа сунушталган жападан жалгыз саясатчы.

Швед депутаттарынын айлыгы 6900 АКШ долларынын тегерегинде. Бул АКШ конгрессмендеринин айлыгынын жарымы (14 миң доллар). Ал эми Швециядагы бир айлык орточо эмгек акы 2800 доллардын тегереги. Швед парламентинин өкүлдөрү 1957-жылдан тарта гана расмий түрдө эмгек акы алып баштаган. Ага чейин бекер эле иштеп, партиясынын каржылык жардамы аркылуу күн көрүшкөн. Баш калаа Стокгольмго алыс аймактан келгендерге гана турак-жай үчүн субсидия каралган.

Чиновниктер жашаган үйлөр жупуну. Маселен, Пер-Арне Хаканссон 46 чарчы метрлик батирде турат. Кызматтык батирлердин айрымдары 16 эле чарчы метр. Бул батирлерде өзгөчөлөнгөн деле шарттар жок. Салык төлөөчүлөрдүн каражаттары чиновниктин өзүнө гана карлгандыктан, анын жакындары кошо жашай турган болсо, чөнтөгүнөн төлөшү керек. Ал тургай бир түнөп кетсе дагы төлөөгө тийиш.

Мындан сырткары парламентарийлерге жеке жардамчыларды жалдаганга дагы уруксат жок. Анын ордуна бардык депуттар үчүн жардамдаша турган кызматкерлерди жалдоого парламентке өтүп келген партияларга жөлөкпул берилет. Аймактык саясатта үнөмдөө чаралары мында дагы катаал.

Булак: Би-би-си кыргыз кызматы

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь