Кечээ 7-июнь күнү Симферополь — Севастополь жолунда эки унаа кагышып, анын кесепетинен үч киши жабыркады. Алардын бири Кыргызстандын жараны экендигин РИА Крым жазды.
Бахчисарай районунда KIA кичи автобусу каршы тилкеге чыгып, кыргызстандык башкарып бара жаткан жүк ташуучу “ГАЗель NEXT” менен кагышкан. Натыйжада “ГАЗель” жолдун четине чыгып кетсе, бустун алды жагы жарактан чыккан.
Тез жардам кызматы ГАЗелде отурган Кыргыз Республикасынын жараны менен Невиномысск шаарынын тургунуна жардам көргөзүшкөн. Ал эми бустун кыпчылып калган 21 жаштагы айдоочусуна куткаруучулардын жардамы керек болгон. Учурда ал ооруканада.