“Дөө Чыңгыздын” абактагы жайыл дасторкон үстүндө отурган сүрөтү тарады

227

Кылмыш дүйнөсүндө “Дөө Чыңгыз” каймана аты менен белгилүү болгон Чыңгыз Жумагуловдун жайылган дасторкон үстүндө отурган сүрөтү интернетке жарыяланды. Бул сүрөт Жаза аткаруу кызматынын №1 тергөө абагында тартылганы айтылууда.

Ал эми Жаза аткаруу Мамлекеттик кызматы сүрөт Жумагуловдун мурда жаза өтөп жүргөн убагында тартылгандыгын билдирди. Чыңгыз Жумагулов учурда №47 абакта аллергиялык дерматит диагнозу боюнча дарыланып жаткандыгы маалым болду.

Белгилей кетсек, Чыңгыз Жумагулов катуу сабалып ташталган 2 адамдын өлүмүнө шектелип 11-апрелде ИИИмдин тергөө абагына отургузулган. 5-июн күнү анын бөгөт чарасы кайрадан каралып, ал 10-августка чейин камакта калтырылган.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь