Сөздү да абайлап сүйлөш керек! Зарылбек Рысалиевдин видеосу

150

Мындан бир ай мурда тагыраагы 16-майда Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиев “менин жүрөгүм кармап өлүп калгыдай жөнөкөй адам эмесмин, мына керек болсо отжимания жазап берейин” деп трибунада сүйлөгөн сөзү бар.

Кечээ, 7-июнь күнү Азиз Батукаевдин иши боюнча ИИМдин Тергөө кызматына суракка чакырылган депутат, түшкү тыныгуу маалында өзүн жаман сезип, ооруканага жеткирилген. Учурда анын абалы туруктуу оор экендиги айтылууда. Дарыгерлер билдиргендей, Рысалиев аз жерден инсульт алып кала жаздаган. Депутат Президент менен өкмөттүн Иш башкармалыгынын клиникалык ооруканасында дарыланууда.

Зарылбек Рысалиев кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча жанданган кылмыш ишинин алкагында экинчи ирет суракка чакырылды.

 

 

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь