Атамбаев митингдин катышуучуларынын алдында сүйлөп жатып адатынча башкалардын аброюна, ар-намысына шек келтирди деп жазат мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун өзүнүн фейсбук баракчасына.
“Атамбаевдин Кыргызстандын элине такталбаган, негизи жок жалган маалыматтарды берип, коомчулуктун көңүлүн өзүнө бурууга аракет кылды. Өз жеке кызыкчылыгын канааттандыруу максатында жалпы эл тарабынан шайланган өлкө башчысынын наамына акаарат келтирип, кадыр-баркын тебелеп, эл алдында негизсиз жамандап Президентти элге мокочо көрсөтүүгө аракет кылды. Жаман аттуу эле кылбастан Президент тууралуу туура эмес, такталбаган маалыматтарды таратып, бул ушактары үчүн өзүнүн үстүнөн кылмыш ишин козгоого негиз түздү.”
“Батукаевден акча алган” деп эл алдында күнөөлөгөндүгү үчүн Атамбаевди сотко берем дейт мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун.
“Аброюма, ар-намысыма шек келтирип бир жактуу каралады. Буга чейин бир ай бою Апрель каналы ушинтип мени каралаганда ал каналды сотко берип көп маани берген эмесмин. Бул жөн гана журналисттердин кемчилиги деп ойлогом. Көрсө, мен тууралуу Атамбаев өзү ушак таратып, жалаа жаап жаткан турбайбы? Эми эртеңден баштап Атамбаевди сотко берүү иши менен киришип, мурдагы Президенттин үстүнөн арыз жазып сот органдарына кайрылаарымды билдирем.”
Турсунбек Акун Атамбаев мыйзам алдында жооп бериши керек деген пикирин жазды.