Түрк элчисинин иши боюнча Түркия Кыргызстанга нота менен жооп берди

115

Анкара Бишкекке элчинин иши боюнча нота менен жооп кайтарганын“Анадолу” агенттиги билдирди. 7-июнда Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркиянын Тышкы иштер министрлигине чакыртылганы айтылат. Нотаны элчиге министрдин жардамчысы Седат Өнал тапшырган.

Анда элчи өз милдетин аткарганы, Кыргызстандын ички иштерине кийлигишпегени жазылган. “Түрк тараптын нотасы дагы Кыргызстандын элчисине тапшырылды”,-деп жазылат маалыматта.

5-июнда Сокулук районунун Орок айылында Кыргызстандын жарандарынын ортосундагы жаңжал чыккан. Укук коргоо органдары жана жергиликтүү бийлик абалды жайгарып жаткан кезде ал жакка элчи да барган. Анын бул кадамы Кыргызстандын ички ишине кийлигишүү катары бааланган.

Элчи Женгиз Камил Фырат 6-июнда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине чакырылып, Кыргызстандын улуттук мыйзамдарын сыйлоо сунуш кылынган. Анын үстүнөн Түркияга нота берилген.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь