ШКУ мамлекет башчыларынын саммитин өткөрүүнү даярдоонун алкагында 8-июнь күнү Бишкектин эски аянтында милиция кызматкерлери гарнизондук саптык кароодон өттү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Аталган иш-чара эл аралык мүнөздөгү (ШКУ мамлекеттеринин башчыларынын саммити) иш-чараны өткөрүүгө арналды. Ага ички иштер министри Кашкар Жунушалиев, министрдин орун басарлары, ИИМдин түзүмдүк башкармалыктарынын жана кызматтарынын башчылары катышты.
“Ар бир кызматкер жарандар менен баарлашууда сылык болуп, алардын арыздары менен кайрылууларына калыс мамиле кылып, балдарга, аялдарга жана кары адамдарга өзгөчө көңүл буруу зарыл. Андан сырткары, бизге Шанхай кызматташтык уюмунун мамлекеттеринин башчыларынын саммитин өткөрүү учурунда коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча чоң жоопкерчилик жүктөлгөн” – деди министр.
Ошондой эле, өздүк курамдын сырткы көрүнүшү, кызматтык күбөлүктөрү, жетондордун бардыгы, кызматтык автоунаалары текшерилди.