Өзгөндүн блогери Бауржан мектептин абалын тартканы барып, жергиликтүү кишинин жемесине калды. Бул тууралуу окумандар маалымдаганын Искен Афиджанов фейсбук баракчасына чыгарды. Белгилүү болгондой Бауржан Өзгөн районунун Макаренко айылынын жашоочуларынын суранычы менен мектептин авариялык корпусунун абалын тартмакчы болгон.
“Съёмка кылганы жатса, жергиликтүү зөөкүр аны жакалап, коркутту, арачалаган балдарды сабап, тоскоолдук жаратты. Айылдын тургундарынын айтуусунда, айыл өкмөт бул зөөкүрдү атайын жөнөткөн болушу мүмкүн.”- деп жазган окурман.
"Өзгөндүн блогер Бауржан Өзгөн районунун Макаренко айылынын жашоочуларынын суранычы менен барып, жергиликтүү мектептин авариялык корпусунун абалын жогору жактагыларга көрсөткөнү съёмка кылганы жатса, жергиликтүү зөөкүр аны жакалап, коркутту, арачалаган балдарды сабап, тоскоолдук жаратты. Айылдын тургундарынын айтуусунда, айыл өкмөт бул зөөкүрдү атайын жөнөткөн болушу мүмкүн. Эски корпус Сталиндин убагында курулган экен, анда окуучулар 4 смена менен окушат экен, ал эми жаңы корпус 4 жылдан бери эч эле бүтпөй жатыптыр.Бауржан жакшы ниет менен барган. Бирок жергиликтүү бийлик (Төрт-Көл айыл өкмөтү) ага сүйүнбөстөн, негедир катуу чычалаганы көрүнүп турат!" – окурман (07.06.2019 ж.)Оюнуздар комментарийде болушунуз!Максималдуу репост!!!
تم النشر بواسطة Искен Афиджанов في الجمعة، ٧ يونيو ٢٠١٩