Өзүбек ажы Чотонов Атамбаевдин айткандары Ислам дининде күнөө деп эсептейт

440

Бүгүн Алмазбек Атамбаев митингде сүйлөп жатып, президент Сооронбай Жээнбековдун дин ишенимине шек келтирип, “шайтанга кызмат кылат” деген катуу сөздөрүн айтты.

Атамбаевдин “мунафык” деп айтканы өзү чоң күнөө деп эсептейт Ислам ишмери Өзүбек ажы Чотонов. Анын айтымында, “мунафык” бул – дини жок, бирок элдерге дини бардай көрүнүп, сакал коюп, топу кийип алышы мүмкүн. Сырты башка, ичинде башка адам.

Өзү шайтандап минтип айтканы эң чоң күнөө, бул “фитна”. Фитна кылуу- адамдарды жаңжалга чыгаруу, адамдарга бүлүк салуу дегенди түшүндүрөт. Бул шариятта адамды өлтүргөндөн дагы коркунучтуураак. Өзүнүн убагын башкаргандан кийин тынч отурбайбы. Шариятты оңго солго бөлгөн болбойт да.“, – деген пикирин билдирди Өзүбек ажы Чотонов.

 

 

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь