Чүй облусунун Беш-Күнгөй айылында мотоцикл жол тандабасты сүзүп кетти. Кырсыктын кесепетинен мотоциклди башкарып бара жаткан айдоочу каза болду. Бул тууралуу Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 8-июнда саат 17:00 чамасында болгон.
“Мотоцикл башкарып бара жаткан айдоочу Беш-Күнгөй айылынан тоону көздөй бара жатып, бурулушта токтоп турган жол тандабасты аркасынан сүзүп токтогон. Кырсыктын кесепетинен 1989-жылы туулган мотоциклдин айдоочусу каза болгон. Ал эми жол тандабастын айдоочусу жол эрежесин бузган эмес. Алдын ала маалыматтар боюнча мотоциклдин айдоочусу катуу ылдамдыкта келе жатып, убагында токтогонго үлгүрбөй калган. Учурда тийиштүү экспертиза дайындалып, кырсыктын келип чыгуу себеби такталууда”, – деп жазылат маалыматта.