Шевченко нокаутка кетирген атаандашына кабатыр болууда (Видео)

88

Валентина Шевченко аттандашы Жессика Айды UFC 238 турниринин алкагында нокаутка кетиргенден кийин анын ден соолугуна кабатыр болуп жатканын, бирок бул спорт экендигин билдирди.

Мушкерлер Чикаго (АКШ) шаарында өткөн UFC 238 турниринин алкагында эң жеңил салмак категориясы боюнча күч сынашты. Мелдештин башталышында эле Шевченко америкалык Айды көтөрүп чаап, үстөмдүгүн көрсөткөн. Экинчи раунддун башталышында каршылашын бут менен бетке тээп, нокаутка кетирген.

Кыргызстандык мушкердин атаандашы оор соккудан кийин өзүнө көптөн кийин келген.

 

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь