UFC президенти Чикагодогу турнирде мыкты беттештерди тартуулап, акчалай бонустарга ээ боло турчу спортчуларды атады. Бул туурасында ал турнир бүткөн кийинки маалымат жыйында билдирди.
Алардын арасында америкалык Жессика Айды нокаут менен уткан кыргызстандык UFC чемпиону Валентина Шевченко бар.
Экинчи раундда Шевченко аны башка тээп, ал көмөлөнүп кеткен. Эми ал 50 миң доллар акчалай сыйлык алат.