Зарылбек Рысалиевдин абалы оор, реанимациядан чыга элек

151

Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиев ооруканадан чыга элек. Анын абалы туруктуу оор деп бааланууда. Бул тууралуу президент жана өкмөттүн иш башкармалыгынын алдындагы оорукананын башкы дарыгеринин дарылоо бөлүмү боюнча орун басары Александра Олексюк билдирди.

Анын айтымында, депутаттын палатасына туугандары дагы киргизилбей жатат. Дарыгерлер гана киришет. Мындан мурдараак дарыгерлер Рысалиевде инсульт болушу мүмкүн деп жатышкан. Бирок, Магниттик-резонанстык томографиядан кийин ал пикир жокко чыккан.

Ал эсине келген. Жай сүйлөп жатат. Кан басымы анча туруктуу эмес. Көтөрүлүп жатат. Ишемби күнү Улуттук госпиталдын дарыгерлери менен бирге кеңешме өтүп, депутатка гипертониялык криз фонундагы курч гипертониялык энцефалопатия деген диагноз коюшкан. Рысалиевдин абалын динамикада кароо керек. Ага тынч жатуу каралган. Эртең же бүрсүгүнү дагы бир кеңешме өтөт“, – деди ал.

Зарылбек Рысалиев 7-июнда кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулганына байланыштуу ИИМде сурак берип жатканда өзүн жаман сезип, ооруканага жеткирилген.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь