Казакстандагы “Коомдук пикир” инситуту жүргүзгөн сурамжылоого ылайык, “бийликтин талапкери” Касым-Жомарт Токаев добуштардын 70,13% менен алдыга чыкты.
Бул тууралуу бул уюмдун башчысы Айнур Мажитова жыйында билдирген. «Улут тагдыры» кыймылынын өкүлү, оппозициянын талапкери Амиржан Косанов 15,39% добуш экинчи орунда. Жалгыз аял талапкер, «Ак жол» партиясынан көрсөтүлгөн Дания Еспаевага шайлоочулардын 5,32% добуштарын беришкен.