Россиялык балбан Сергей Чуевдин өлүмүнө тиешеси бар делип кармалган тажикстандык төрт жарандын жылаңачталган сүрөттөрү чыкты. Шымдары ылдый түшүрүлүп, жылаңачталган учур социалдык тармакка жүктөлүп, бул тажик интернет колдонуучулары арасында чоң нааразычылыкты жаратууда.
“Ахбор” сайты жазгандай сүрөттөр 9-июнда орус басылмаларында жарыяланган. Ал эми тажикстандыктар мындай жарыялоону жана кармоо учурундагы укук коргоо кызматкерлеринин аракетин басмырлоо катары кабыл алышып, Тажикстандын элчиси бул окуя боюнча чара көрүшү керек деп эсептешет.
Кармалгандарга карата жасалган мамиле жалпы Тажикстан элинин ар-намысына шек келтирди деп жазышууда.
Ин агар фочиаи миллат нест, чист? Аз ин бадтар боз чи буда метавонад? Масъули ин шармандаги кист? Масъулони Вазорати…
تم النشر بواسطة Азиз Каримов في الأحد، ٩ يونيو ٢٠١٩
Эске салсак, Россиянын грек-рим күрөшү боюнча спорт чебери Сергей Чуев 7-июнга караган түнү ур-токмоктон каза болгон. Анын өлүмүнө шектелип Тажикстандын 4 жараны кармалган.