КЫРГЫЗСТАНДЫН ЭКОЛОГИЯСЫНА АРНАЛГАН КИТЕП ЧЫКТЫ

189

Жакында эле, “Батыш Тянь-Шандын геологиялык мурасы-Биоартүрдүүлүктү сактоонун жана экотуризмди өнүктүрүүнүн негизи” деген аталыштагы китеп жарыкка чыкты.

Аталган китепти геолог Алексей Дудашвили Кыргызстандын жандуу жана жансыз жаратылыштарынын изилдөөcүнүн негизинде жазган.

Автордун айтымына караганда, Кыргызстандын аймагында изилденбеген 230 жаңы үңкүр табылган. “Биз 230 жаңы үңкүр деп чектегенден алыспыз. Себеби, дагы изилдесе көптөгөн ачылыштар чыгышы мүмкүн. Азыркыда Кыргызстандын түндүк аймагы гана каралды, кийинкиде чыгыш жагын дыкаат изилдесе башка жаңы үңкүрлөр ачылат. Бул Кыргызстандын туризм тармыган өнүктүрүүгө чоң өбөлгө болот,” – дейт геолог.

Жаңы китептин бет ачаары Кыргызстандын айлана чөйрөнү коргоо күнүндө болду. Аталган иш-чарага геологдор, экологдор жана айлана чөйрөнү коргоо боюнча долбоорлордун өкүлдөрү катышты.

Саамалыктын жүрүшүндө, Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Абдыкалык Рустамов экологдорду куттуктап, алдыңкы кызматкерлерге сыйлык тапшырды.

Ошондой эле, директор аталган агенттиктин Каржы-экономикалык башкармалыгынын өкүлдөрүн дагы финансы кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен куттуктап кетти. “Экологдордун күнү менен удаа келген финансы жана экономика кызматкерлеринин майрамы менен куттуктайм! Сиздер агенттиктин иштерин алдыга жылдырууда чоң салым кошуп жатасыздар. Ар бир экономист жана финансисттин күн сайын аткарган иши өлкөнүн бүгүнкүсү жана келечеги үчүн маанилүү. Сиздерге бекем ден соолук жана ийгиликтерди каалайм!”-деди Рустамов.

5-июнь дүйнөлүк айлана-чөйрөнү коргоо күнү катары 1974-жылы белгиленген. Ошол жылдын 5-июнунда Швециянын Стокгольм шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун курчап турган чөйрө боюнча жыйыны ачылган. Кийин Башкы ассамблея бул күндү экологияны коргоонун эл аралык күнү деп бекиткен.

Ал эми бул күн жаратылышы кооз, экологиялык жактан таза Кыргызстанда 1999-жылы кабыл алынган.  Ар бир жылы 5-июнь “Бир гана жер”, “Биздин балдар үчүн бир гана келечек” жана “Кыйроосуз өнүгүү” деген ураан майрамдалып келет.

Кабыл алынган күндөн тарта Бириккен Улуттар Уюму менен Интерпол биргелешкен баяндама таратып, дүйнөдө экологиялык кылмыштардын саны кескин өсүп жатканын жарыялады. Анда жаратылыш ресурстарын мыйзамсыз иштетүү күчөп, токойлор кыйылып, пайдалуу кендер казылып, балык уулоо көбөйүп жатканы келтирилген. Баяндамадагы маалыматтарга таянсак, бүгүнкү күндө мындай кылмыштардын кесепетинен болгон чыгымдар дүйнө боюнча 91 млрд доллардан 258 млрд долларга жетти. 2014-жылы бул көрсөткүч 70-213 млрд долларга бааланган.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь