11-июнда Палестина менен өтө турчу беттеште Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы ак форма менен чыгат. Бул тууралуу Кыргызстандын Футбол федерациясынан билдиришти.
Федерациядан белгилешкендей, Ак шумкарлар ак форма, ал эми Палестина курамасы кызыл формачан ойной турган болду. Командалардын беттеш алдындагы расмий машыгуусу бүгүн Д. Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт. КРнын курамасы оюн талаасына саат 19:00дө, Палестина саат 20:15те чыгат.
Ал эми эки курама командаларынын жолдоштук беттеши эртең, 11-июнда саат 20:00дө башталат.