Кытайдын Цзянси провинциясындагы нөшөрлөп жааган катуу жаандын кесепетинен улам 45 миңге жакын жашоочу эвакуацияланды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Бейшемби күндөн бери жаап токтобой жаткан жамгырдан жергиликтүү бийлик экономикалык жоготууну 94 млн. долларга баалоодо. Андан тышкары, айыл чарба өсүмдүктөрүн да зыянга учурап, учурда 37 миң гектар өсүмдүк аянтын суу каптаган.
Кошумчалай кетсек, бүгүнкү күндө суунун деңгээлинин жогорулашынан 50дөй имарат бузулуп, 90дой имарат жабыркаган. Ошондой эле 1,2 миң жергиликтүү калк жардамга муктаж экени айтылган.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: