Миллиарддаган сомго каржылык мыйзам бузуу аныкталды

163

2018-жылы мамлекеттик органдарга аудит жүргүзүү жыйынтыгында 2 млрд 321 млн сом көлөмүндө каржы тартибин бузуулар аныкталды. Анын ичинде 1 млрд 621 млн сом ордун толтурууга жатса, 1 млрд 405 млн сом ордуна коюлуп, каражаттардын кайтарымы 87 пайызды түздү. Бул тууралуу Улукбек Марипов Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде Эсептөө палатасынын иши жөнүндө отчет угулуп жатканда билдирди.

«2018-жылы Эсептөө палатасы тарабынан мамлекеттик бюджетке байланыштуу 2425 мекеменин иши текшерилди. Мамлекеттик бюджеттин резерви менен жоготуусу 13 млрд 236 млн сом өлчөмүндө болду. Анын ичинде 1 млрд 791 млн сом кайра кайтарылууга тийиш. Отчеттук мезгил аралыгында бюджетке 991 сом кайтарылып, ал 55 пайызды түздү. Ал эми 800 млн сом сарамжалдуу пайдаланылган эмес. Анын ичинде 80 млн сом кайтарылууга тийиш болсо, азыр 59 млн сом ордуна коюлду», – деди Улукбек Марипов.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь