Филиппинде кирген жаңы мыйзамга ылайык, ар бир мектепти аяктаган окуучу жогорку окуу жайга тапшыруунун алдында 10 түп бак-дарак отургузууга милдеттүү.

Бул мыйзам жыл сайын, ар бир мектепти аяктап жаткан муун отургузган 525 миллиард бакка көбөйүп турат дегенди билдирет. Климаттын глобалдык өзгөрүүсү менен күрөшүүгө эбегейсиз жардам берет. Долбоорго 12 миллиондон ашык башталгыч мектептин,5 миллион орто мектептин бүтүрүүчүлөрү жана 500 000ге жакын колледжди аяктагандар жыл сайын катышат.

Бак-дарактар токойлорго, аскер талааларына, коргоого алынган аймактарда жана кароосуз жаткан аянттарга отургузулат. Өлкөнүн билим берүү министрлиги жана жогорку билим берүү боюнча комиссия аталган мыйзам долбоорунун аткарылышын тыкыр көзөмөлдөйт.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: