Нарын шаарында 51 жаштагы подполковник то ойноп жатып жыгылып, жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. Тилекке каршы дарыгерлер анын өмүрүн сактап кала алган жок.

Нарын ОИИБнан eldik.media га билдиргендей, 9-июнь күнү 14:05 чамасында Нарын областык ооруканансынан, 1968-ж.т. О.Т топ ойноп жатып жыгылып кетип Нарын ОБОнун кайра жандандыруу бөлүмүнө түшүп каза болгондугу боюнча билдирүү түшкөн.

Нарын ШИИБнын кызматкерлери барып окуяны аныкташкан. Маркум О.Т туугандарынын айтуусунда ошол күнү эртең менен башы ооруп жаткандыгын айтып, бирок ага карабастан саат 13:00 чамасында топ ойногондугун жана кокусунан жыгылып кеткендиктен Нарын ОБОнун кайра жандандыруу бөлүмүнө алып баргандыгын билдиришкен.

Мындан тышкары, маркумга сыртынан кароо жүргүзгөн учурда эч кандай күч колдонуу белгилери байкалган эмес. Учурда Т.О. Нарын шаардык жана Нарын райондук Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде нөөмөткер болуп иштеген.

Үй-бүлөлүү 3 кыз, 1 уулдун атасы. Маркум Нарын ОИИБнын кылмыш иликтөө бөлүмүнөн ардактуу эс алууга чыккан милициянын подполковниги.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: