Билим берүү жана илим министрлиги 2019-2020 окуу жылына карата Кыргызстандын окуу жайларына акы төлөп келишим боюнча окууга жана гранттык орундарга өтүү үчүн керектүү баллдардын төмөнкү чегин аныктады:
– негизги тест – 110 балл;
– англис тили – 60 балл;
– химия – 60 балл;
– биология – 60 балл;
– физика – 60 балл;
– тарых – 60 балл;
– математика – 60 балл.