Ороктогу кырдаал кандай жөнгө салынды? Акыркы маалыматтар

323

5-июнь күнү Чүй облусунун Орок айылында 3 тестиер балдар урушуп, экөө бир өспүрүмдү сабап койгон. Жабыркаган бала ооруканага жеткирилип, өспүрүм баланын жакындары нааразычылык билдирип, мыйзамга каршы аракеттерге барышкан. Анын кесепетинен бир нече үйдүн терезеси талкаланган.

Арадан 5 күн өттү. Ороктогу абал кандай? Бул суроого Чүй ОИИБнын коомдук коопсуздук кызматынын башчысы Алмаз Исаков “Элдик Талкуу” программасында учурда абал туруктуу экендигин маалымдады.

Милиция кызматы күчөтүлгөн тартиптен алынып салынды, мурункудай абалда кызмат өтөп жатышат. Кыргыз менен кыргыз деле урушат. Күнүгө уруш- талаш, пикир келишпестик, тентектик беренелери менен 50-60 арыз кабыл алабыз. Бири кыргыз экинчиси түрк улутунда болгону үчүн улуттар аралык мамилени козутуп, касташтыруунун кажети жок. Бул окуяга тиешелүү 25-30 чакты жаран кармалган. Абалды жөнгө салуу максатында алар кармалып, түшүдүрүү иштери аяктаган соң кайра бошотулган.

Орокто 840 түрк улутунун өкүлү, 950дөн ашык кыргыз улутундагы жаран бар. Ал эми Сокулук районунда 60 тан ашуун ар улуттун өкүлдөрү жашайт. Бул айылдан 6 жаран жергиликтүү кеңешке депутат болуп шайланган. Алардын үчөө кыргыз, үчөө түрк улутунун өкүлдөрү экендигин билдирди.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь