Бүгүн 2010-жылы Ош жана Жалал-Абад облустарында болгон улут аралык жаңжалга тогуз жыл болду. Бул күнгө карата Ошто июнь коогалаңынын курмандыктары эскерилип, «Энелердин көз жашы» мемориалынын алдына 2010-жылдын июнь окуясында жакындарын жоготкондор, жарадар болгондор, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, шаар тургундары катышты.
Эскерүүгө вице-премьер-министр Замирбек Аскаров катышып, июнь окуясында үй-жайынан ажырагандар үчүн курулган көп кабаттуу үйдө жашап жаткандар менен жолугушту.
Мындан толук тогуз жыл мурда Ош шаарында тутанган кыргын 400дөн ашуун адамдын өмүрүн алган.