Премьер-министр Туйгунаалы Абдраимовду кызматынан алды

150

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» конституциялык Мыйзамга ылайык кол койгон буйруктун негизинде Абдраимов Туйгунаалы Дүйшеналиевич Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулду.

Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Эске салсак, Туйгунаалы Абдраимов журналисттин суроосуна жооп бербей, аны кемсинткени коомчулуктун катуу сынына кабылган. Мындан улам Абылгазиев Абдраимовдун журналистке кылган орой мамилеси жалпы аткаруу бийлигинин бутагына көлөкө түшүргөнүн айтып, чара көрүлөрүн билдирген.

 

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь