Салянованын камалышы боюнча Текебаев эки сүйлөп баштадыбы?

134

«Ата Мекен» партиясынын абактагы лидери, учурда ооруканада дарыланып жаткан Өмүрбек Текебаев Аида Салянованын камакка алынышы боюнча үн катты. Мурдагы Башкы прокурорго карата жасалып жаткан азыркы аракеттерди мыйзамсыз деп баалады.

Текебаев: “Баш мыйзамда Президентти, Жогорку Кеңештин депутаттарын, башкы прокурорду кылмыш жообуна тартууга парламент гана уруксаат берет. Ал эми судьяларды кылмыш жообуна тартыш үчүн Соттор кеңешинин макулдугун алуу зарыл. Баарыбызга белгилүү, Аида Салянова башкы прокурор болуп турган кездеги иши үчүн айыпталып жатат. Демек, Конституциялык палатанын, Жогорку соттун чечимдерине ылайык, аны кылмыш жообуна тартыш үчүн Жогорку Кеңештин макулдугу сөзсүз алынышы керек. Ансыз Аида Саляновага жасалган аракеттердин баары мыйзамсыз. Ал аракеттерди жүргүзгөн адамдар мыйзам алдында жооп берүүгө тийиш “,- дейт.

Мындан 6 жыл мурда (2013-ж. 29.05) Текебаев Жогорку Кеңеште депутат болуп турган кезде, Батукаевдин чыгып кеткендиги боюнча сөз сүйлөп, Башкы прокурорду, Сотту жазага тартыш керектигин айткан. Андагы айткан сөздөрү азыркы позициясына дал келбейт.

Текебаев: “ Покуратура жана башка органдар Батукаевди мыйзам менен чыгардык деп айтып жатат, бул жалган. Медициналык тыянак мыйзамды бузган. Кылмышка тукурган адамды кантип прокуратура колдоп чыгара берели дейт? Мыйзам түрүндө бардык жагдайларды эске албай туруп Сот дагы, прокуратура, Зарылбек Рысалиев чыгарып жиберген. Мыйзам бузулган! Эң негизгиси мыйзамдын маңызы бурмаланган! Маңызын бурмалаганга Башкы прокуратурага дагы, Сотко дагы эч уруксат бербешибиз керек. Тиешелүү адамдар жазасын алыш керек.

Эскерте кетсек, Азиз Батукаев өлкөдөн чыгып кеткен маалда Башкы прокурор Аида Салянова болуп турган.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь