Сооронбай Жээнбеков Касым-Жомарт Токаевди шайлоодогу жеңиши менен куттуктады

138

Бүгүн Президенти Сооронбай Жээнбеков Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүүн жүрүшүндө Сооронбай Жээнбеков Касым-Жомарт Токаевди Казакстандын Президентин кезексиз шайлоодогу ишенимдүү жеңиши менен жылуу куттуктап, боордош Казакстандын эли үчүн бул маанилүү жана жооптуу тандоо болгонун белгиледи.

Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбеков жаңы шайланган Президенттин ишмердиги Казакстандын мындан аркы туруктуу жана ар тараптуу өнүгүүсүнө өбөлгө түзөөрүнө ишеним билдирди.

Кыргыз-казак кызматташтыгын кеңейтүү максатында Сооронбай Жээнбеков  Касым-Жомарт Токаевди Кыргызстанга расмий визит менен келүүгө чакырды.

Мамлекет башчылары ошондой эле эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашып, Бишкекте өтө турчу ШКУ Саммитинин ишине катышуунун алкагында жолугушуу тууралуу сүйлөшүштү.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь