Тажикстанда окуучулар 14 июнга чейин окушат

226
Тажикстан Билим берүү жана илим министрлиги окуу жылын 14-июнга чейин узартты, окуу программасы бүткөнүнө байланыштуу окуучулар материалдарды кайталап жатат, айрымдары сабакка такыр эле келген жок.
Билим берүү жана илим министрлигинин Окуу-медотикалык борборунун директору Шермухаммед Ёрмухаммадзода окуу жылынын узартылышы боюнча пикрин билдирди.
“Айрым мектептер үч нөөмөт менен окуп жатышты, класстан тышкары сабактарды, сынактарды өткөрүүгө мүмкүн болгон жок. Буга байланыштуу биз июнь айында эки жума окутууну чечтик. Эгер биз окуу жылын кыскартсак, окуу программасы толук аткарылбай калмак. Азыр балдарды тарбиялоого, алардын сабаттуулугун жогорулатууга жакшы мүмкүнчүлүк түзүлдү,”-деп билдирген.
Тажикстанда мурда окуу жылы 25-майда, акыркы бир нече жылдан бери июндун башында аяктачу.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь