Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Туйгунаалы Абдраимов кемсинткен журналист кыз өзүнүн социалдык баракчасына билдирүү калтырды. “Акипресс” басылмасынын журналисти Алия Абдымажитова аны колдогон медиабирикмеге жана жарандык коомго ыраазычылыгын билдирди. Видеону көрүп Туйгунаалы Абдраимовдун жасаган аракеттерине баа берсе боло тургандыгын жазат. Журналисттин эмес адамдын ар-намысын коргоого барып, бирок жаман сөздөргө кабылган кесиптештеринен кечирим сурады.
“Өкмөт өкүлү жөнөкөй жарандардын маселесин карап жатканда алардын кебетесине карабайт деп ишенем”, – деп жазат.
Эске салсак, “жүзүңүз жаккан жок” деп аткан Туйгунаалы Абдраимов журналист кыздан кечирим сурабай тургандыгын билдирген. Кийинчирээк “журналист катары эмес, кыз катары андан кечирим суроого даярмын” деп айткан.
Ал эми премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Абдраимовдун журналистке кылган орой мамилеси жалпы аткаруу бийлигинин бутагына көлөкө түшүргөнү үчүн өкүнүү менен кабыл алган.