Финполиция  мыйзамсыз күйүүчү май ташыгандарды кармады

315

«Чоң-Капка — Автожол» көзөмөл-өткөрмө бекетинен «MAN» маркасындагы 2 жүк ташуучу унаа мыйзамсыз күйүүчү май менен кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Текшерүү учурунда документте 50 тоннага жакын «жылытучу мунай» катары көрсөтүлгөн зат күйүүчү май экени аныкталды. Ал М. С. атуу жеке ишкерге таандык болгон.

Бул иштер боюнча кылмыш иши козголуп, соң сотко чейинки иликтөө учурунда унаалардын ээлери өз каалоолору менен 100 миң сомдук акциздик салык төлөштү.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь