Ысык-Көлдө эс алуу жайлардын коопсуздугу текшерилүүдө

72

Ысык-Көл облусунун Чок-Тал айылындагы эс алуу жайлардын биринде окутуунун алкагында өрт кызматы шарттуу өрттү өчүрдү. Окутууну ӨКМ кызматкерлери мамэкотехинспекциясы менен биргеликте ишке ашырышты.

Анда шартуу түрдө имараттан өрт чыгып, ал жактагы кызматкерлер эвакуацияланды. Ошондой эле эс алуу жайдын өрт коопсуздугу боюнча кызматкери, өрттү чектеп турууга аракетин кылды. Өрт кызматы жакынкы айыл болгон Тамчыдан чакырылып, 10 мүнөт убакытта келип, өрттү өчүрдү.

Маэкотехинспекциясынын инспекторунун айтымында, аталган имаратта 2018-жылы отту туура эмес колдонуудан улам, өрт чыккан. Анда жабыр тарткандар болгон эмес. Маалыматтарга ылайык, мындай окуулар жыл сайын туристтик сезон башталып жатканда жүргүзүлөт.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь