Соң-Көлдө жайлоодон бир адам суука чыдабай каза болсо, 30 мал жардан кулаган

219

Нарын облусундагы Соң-Көл жайлоосуна бараткан беш адамдын бири каза болуп, 30дан ашуун мал жардан кулады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 8-июнь күнү Туз айылынын 5 тургуну Соң-Көл жайлоосун көздөй мал айдап чыгышкан.

“Чалай кыштоосундагы Көнөк ашуусунда туман түшүп, бороон каптап, адашып ашууну аша албай калышкан. Бирөөнүн кан басымы жогорулап, суукка туруштук бере албай каза болгон. Ошондой эле, 30 кой, 3 жылкы, 1 эшек катуу болгон бороондон улам жардан кулап кеткен”, – деп жазылат маалыматта.

9-июнь күнү алардын жакындары жардам сурап ӨКМге кайрылышкан.

Жерине 6 куткаруучу, 2 медицина кызматкери жана жергиликтүү тургундардан 4 адам чыгышып, малчыларга биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп ооруканага жеткирилген. Ал эми каза болгон адамды туугандарына өткөрүп беришкен.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь