Бактыбек Шамкеев мурунку кызматынан бошоп,  «Айыл банкка» төрага болду

182

Бактыбек Шамкеев «Айыл Банктын» төрагалык кызматына дайындалды. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлк фондунан кабарлашты.

Маалыматка караганда, аталган кызмат 19-апрелден бери бош турган. Буга чейинки жетекчи Мурат Акимовдун мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу кызматынан кеткен.

Ал эми кечээ Мамлекеттик ипотекалык компаниянын директорлор кеңешинин отуруму болду. Анда мекемеге жетекчи болуп Эльмира Абжапарова шайланды.

Буга чейин өкмөт Бактыбек Шамкеевдин ишин сынга алып, ал жетектеп турган мезгилде Мамлекеттик ипотекалык компания алгылыктуу натыйжага жетишпей калганын айткан.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь