Баткен: чыр чыккан Ак-Сайдагы көйгөйлөрдү чечүүгө 220 млн. сом бөлүндү

137

Баткен районундагы кыргыз-тажик чек арасына жакын жайгашкан Ак-Сай айыл өкмөтүндө жол, таза суу, мектеп жана бала бакча көйгөйлөрүн чечүү үчүн мамлекеттен 220 миллион сом каражат бөлүндү. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат катчысы Чолпон Бердикулова Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Көк-Таш — Ак-Сай, Ак-Сай — Тамдык унаа жолдорунун курулушун улантууга жана Ак-Сай — Рават унаа жолун салууга 150 миллион сом бөлүндү. Ал эми Ак-Сай айыл өкмөтүндөгү Бакай участогунун тургундарын сугат суу менен камсыздоо үчүн 50 миллион сом, Ак-Сай айылындагы Ходжаев атындагы орто мектепти капиталдык оңдоп-түзөө иштерине жана Капчыгай, Ак-Татыр айылдарына бала бакча курууга жалпы 20 миллион сом берилди“, — деп айтылат маалыматта.

Учурда тиешелүү жумуштар башталды.

Эске сала кетсек, ушул жылдын март айынын башында Кыргызстандын Ак-Сай жана Тажикстандын Мехнатабад айылдарынын тургундарынын ортосунда чатак чыккан. Ага Ак-Сай — Тамдык жолунун курулушуна тажик тараптын нааразылык билдиргени себеп болгон. Кыргызстандык 50дөй, тажик тараптан 70тей тургун чогулуп, бири-бирине таш ыргыткан. Жаңжалды эки өлкөнүн чек арачылары токтотушкан.

Булак: sputnik.kg

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь