Ош шаарында «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү автоунаа жол менен эмес, тепкичтер менен айдаган видео тарады. Жаңыдан реконструкция болуп жаткан Токтогул паркынын кире беришиндеги тепкичтер талкалангандыгын Ош шаардык мэриясынын маалымат катчысы Азамат Абсаттаров билдирди.
” Өтө адамды нааразы кыла турган иш болду. Кыздарга өзүн көрсөткүсү келген жигит автоунаасын тепкичтен айдап түшүптүр. Жаңыдан оңдолгон тепкичтер талкаланды. Каражат, мээнет кеткен эле. Угушума караганда ал айдоочу эркиндикте эле жүрөт. Мыйзам алдында жооп берип, төлөп бериш керек! Биз да көзөмөлгө алабыз. Сиздер да кайдыгер карабаңыздар.”
Шаардык мэрия айдоочунун бул кылыгына укук коргоо органдарынын көңүлүн бурду.
Урматтуу ЖМК өкүлдөрү жана укук коргоо органдары!Өтө адамды нааразы кыла турган иш болду. Жаңыдан реконструкция болуп жаткан Токтогул паркынын кире беришиндеги тепкичтер талкаланды! Кыздарга өзүн көрсөткүсү келген жигит автоунаасын тепкичтен айдап түшүптүр. Жаңыдан оңдолгон тепкичтер талкаланды. Каражат, мээнет кеткен эле. Угушума караганда ал айдоочу эркиндикте эле жүрөт. Мыйзам алдында жооп берип, төлөп бериш керек! Биз да көзөмөлгө алабыз. Сиздер да кайдыгер карабаңыздар. Окуянын баары видеого түшүп калган. "Коопсуз парк" кылабыз деп видеобайкоолорду орноткон элек. Толук видео менде бар.
تم النشر بواسطة Азамат Абсаттаров في الاثنين، ١٠ يونيو ٢٠١٩