ЖАМК: “Аида Саляновага карата коркутуулар болгон жок”

119

Жазаларды аткаруу мамлекеттик комитети мурдагы башкы прокурор Аида Саляновага карата коркутуу болуп жатканын четке какты.

Маалыматтарга таянсак, Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалган Салянованын өмүрүнө эч кандай кооптуу жагдай жаралган жок. Ал аялдар кармалган корпуста.

Салянова өзү да өмүрүнө коркунуч келтирилгени боюнча арызданган эмес. Тергөө абагындагы медициналык персонал тарабынан тийиштүү жардам көрсөтүлүүдө.

Салянованы жактоочулар, парламент депутаттары, укук коргоо жана көзөмөл органдарынын өкүлдөрү, Кыйноолорго каршы улуттук борбордун өкүлдөрү жана башка жакындары андан кабар алып турушат.

Эске салсак, мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын жактоочусу Рабига Сыдыкова Салянованын дарегине крим чөйрөдөгүлөр тарабынан коркутуулар болуп жатканын айткан.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь