Жумгал районунун Лама айылынын тургундары саздын суусун ичип келе жатышат. Бул тууралуу интернет колдонуучу фейсбук баракчасына жазып чыкты.
Анын пикирине караганда, эч кандай чыпкалоочу жабдуулар жок. Лама айылы дотациядагы айыл болгондуктан өзүнүн бюджети менен аны курууга чамасы келбейт. Айыл эли кайрылбаган жери, какпаган эшиктери калган эмес. Суудан жуккан оорулардын негизинде “альвеококкоз” оорусу менен жаш келин жана улгайган аял ооруп, көз жумган. Ошондой эле, учурда дагы бир адам катуу оруп жатса, бир окуучу ооруп жатканы айтылган.
Окурман, ” Айыл эли саздын ылай суусун ичүүгө аргасыз. Деги бул маселени ким чечет? Президентибиз Сооронбай Шарипович быйылкы жылды “Аймактарды өнүктүрүү жылы” деп жарыялап 2020-жылга чейин Кыргызстандын бүт аймактары таза суу менен камсыз болсун деп тапшырма берген. Ал эми Суу чарба департаментинин Нарын облустук башкармалыгы Ламада суу көйгөйү жок, суусу таза деген отчёт берип койгон. Бул маалыматты уккан жергиликтүү тургундар нааразы болушууда. Ал эми экологдор менен дарыгерлер бул маалыматтардан кийин кандай чара көрөт белгисиз? “-деп билдирген.
تم النشر بواسطة Аида Кулназарова في الاثنين، ١٠ يونيو ٢٠١٩