Калемпир оролгон депутаттын каты боюнча иликтөө иштери башталды

356

Депутат Төрөбай Зулпукаровго келген катка калемпир оролуп, базарда сатылып жаткан сүрөт социалдык тармактарда жарыяланды. Бул кат Транспорт министрлигинен Жогорку Кеңешке келгенин, ЖКнын каттар бөлүмүнө келип түшүп ал депутатка жиберилгенин фирмалык бланкадан, мөөрдөн билүүгө болот.

Депутат Төрөбай Зулпукаров бул иш боюнча иликтөө иштери башталганын vesti.kg маалымат булагына билдирди.

Мыйзам боюнча кат 5 жыл сакталыш керек болчу, бул үчүн бизде архив бар. Бирок бул кат кимдин колунан базарга чыгып кеткенин текшерип жатабыз. Балким, бул менин кеңешчимден кеткендир. Бул шалаакылыгы үчүн мен ага сөгүш берип же жумуштан айдайм” деди депутат.

Булак: pk.kg

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь