Аламүдүн райондук мамлекеттик администрация башчысы-акими кызматына Марс Саккараев келди. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Марс Саккараев, Чүй областынын ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган Алтынбек Намазалиевдин ордуна келди.
Ал мурда ушул эле Аламүдүн районунун акими кызматында, Бишкек шаарынын вице-мэри, “Унаа” мамлекеттик ишканасынын директору болуп иштеп кеткен.
Марс Саккараев 52 жашта, Чүй облусунун Ысык-Атай районунун Сын-Таш айылында туулган.