Нарын шаарында мал-жандыктар тартипке салынат

145

Мындан ары шаар аралаган мал-жандыктары корукчу менен көзөмөлдөнөт. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын маалымат кызматынан кабарлады.

Нарындагы шаар аралап ээн жүргɵн мал-жандыктарын тартипке салуу максатында Жашылдандыруу ишканасына «корукчу» штаттык бирдиги ачылып, эки корукчу алынды. Аларга жергиликтүү бюджеттен 118 миӊ сомго эки ат жабдыктары менен алынып берилди.

Эми каралбай ээн жүргɵн мал-жандыктары шаардын сыртына айдалып чыгарылат. Мындай чарага мал ээлеринин ɵз малына болгон жоопкерчиликсиз мамилеси түрткү болду.

Короосунда мал жандыктары бар шаар тургундарына малын парктарды, коомдук жайларды аралатып бош койбой кɵзɵмɵлдɵп алууларын эскертет.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь