Тик учак Нью-Йорк шаарындагы 54 кабаттуу имараттын чатырына кулады. Кырсыктан учкуч курман болгондугу кабарланууда.
Окуя кечээ жамгыр жаап, туман каптап турган учурда болгон. Трагедиянын алдында учкуч жердегилерге жаралган маселе жөнүндө маалымат берген. Бирок башкаруусун жоготкон учкуч Манхэттендеги 7-авенюда жайгашкан көп кабаттуу имараттардын биринин чатырына урунган. Мындан улам өрт жалындап, кырсык болгон жерге 100 куткаруучу тартылган.
Каза тапкан Тим Мак Кормактын 15 жылдык тажрыйбасы бар экендиги, буга чейин Өрт өчүрүү департаментинде эмгектенгени айтылды. Кырсык эмне себептен болгону такталууда.