Таш-Көмүрдө үйлөрдүн короосун суу каптады

195

Таш-Көмүрдө катуу жааган жаандан улам, арыктардан суу ашып 4 турак үйдүн короосун суу каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди. Таш-Көмүр шаарынын Кызыл-Жар аймактык башкармалыгында кечээ, 10-июнь күнү саат 20:00дөр чамасында катуу жааган жаандан улам арыктардан суу ашып, Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан 4 турак үйдүн короосун суу каптаган.

Окуя болгон жерге Таш-Көмүр шаардык Жарандык коргонуу комиссиясы жана шаардык Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн ыкчам тобу барган. Тазалоо иштерин уюштуруу жергиликтүү бийликке милдеттендирилген.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь