Телефонго азгырылган ата-эненин баласынын акылына доо кетет

150

Орусиянын “Развитие ребенка» журналынын жок дегенде бирден, орто эсеп менен 3 жашка чейинки баласы бар 170 үй-бүлөгө саресеп салып, изилдешкен. Дал ушул жаш курактагы баланын тили өрчүп, таалим-тарбия алуу жана эмоционалдык кабыл алуусу калыптанып, жетилип жаткан учуру.

Изилдөөчүлөр ата- энелерге, алар смартфон көрүп жаткан учурда тоскоол болгон баласынын кайрылуусун четке каккан учурларын жазып турууну өтүнүшкөн. 11%ы смартфонго алаксыган эместигин, 17% бир күндө бир жолу баласынын кайрылуусунан смартфондогу видео маанилүү болгонун, 24% эки жолу кайталанганын айтса, ал эми 48%ы баласы менен суйлөшүп, суроосуна жооп берүүнүн ордуна, чөнтөк телефонго байланып отурганын моюндашкан.

Жыйынтыгында, изилдөөчүлөр ата- энеси телефонго азгырылган учурда, жаш балдарда капалануу, жинденүү жана албууттануу сыяктуу терс сапаттары көбүрөөк болоорун аныкташкан. Үй-бүлөдө бул көрүнүш кайра-кайра кайталанган болсо, балада жогорудагы терс сапаттар калыптана баштайт. Адатка айланат. AVG Technologies окумуштууларынын изилдөөсү боюнча, 42% балада (10дун 4ү) “ата-энем менден телефонун артык көрөт” деген ой менен өсүп жатат. Өкүнүчтүүсү, мындай балдар ички сезиминде эч кимге керексиз жана пайдасыз буюмдай өздөрүн сезет. Долбоордогу балдар психологдору, бөбөк менен “бетме-бет” баарлашуу, алардын келечектеги коомдогу ордун, өзүн табууда чоң роль ойнойт дешет. Айланасындагы адамдардын кыймылына, жаңсоо жана башка аракетине жараша туура мамиле жасоону үйрөнө билет.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь