Токмок: 41деги киши 13 жаштагы кыздын боюнда кылган. Милиция кызды күүнөөлөп жатат

284

Токмокто 41жаштагы киши 1,6 жылдан бери жашы жете элек өспүрүм кызды зордуктап келген. Биринчи жолу жыныстык катнашка барган учурда кыз 13 жашта болгон. Кийин боюнда болуп калганын билген кыз, уксус ичип ооруканага түшкөн. Милиция болсо зордуктаган кишини коё берген. Бул тууралуу кыздын апасы жергиликтүү басылмага билдирди.

Апасынын айтымында, 25-май күнү УЗИге барып анын 14 жашар кызынын боюнда бар экендигин билген. 2017-жылы алардын үйүнө 41 жаштагы кошунасы келип, күч колдонуу менен зордуктап салгандыгын кызы айтып берет. Өз ишин бүтүргөн соң секелекке 50 сом карматып, эч кимге айтпа деген.

Ошол күндөн тарта кошунасы бир жарым жыл убакыт бою жаш кыз менен өз максатына жетип турган. Кызды оозуңду бас деп 50-100 сомдон карматып койчу.

Бул окуянын барын уккан апасы зордукчул кошунасына чалган. Жыныстык катнашта болуп жүргөн адам кызга жардам берерин, аны окутуп өз камсызына аларын билдирип, 5 миң сом колуна карматкан. Эч жерге арыз жазып кайрылбагыла деп жалдыраган.

Учурда кыз 25-26-жумалык кош бойлуу.

“Кечээ Токмок ШИИБне арыз менен кайрылдым. Бизди күнөөлөп, кызыңды караган эмессин деп кайра бизге акаарат келтирди. Бардыгы менен жатып жүргөн, кимден боюнда экендигин билбейт деп кызымды күнөөлөдү. Кызым мындан кийин өзүнүн жанын кыйгысы келип, уксус ичип ооруканага түштү. Дарыгерлер анын өмүрүн сактап калышты”-дейт кыздын апасы.

Кордук көргөн кыздын апасы зөөкүрдү милициялар эмнеге коё берди деп түшүнө албайт. ИИМ жетекчилигин бул ишти көзөмөлүнө алуусун өтүнөт.

 

 

 

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь