Атамбаев айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылган

204

Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын айдоочулук күбөлүктөн ажыратылгандардын тизмесинде Алмазбек Атамбаевдин аты-жөнү бар.

Андагы маалыматка ылайык, Атамбаевдин автоунаа айдоого уруксат берчү документи ушул жылдын 5-майында бир жылдык мөөнөткө алынган.

Белгилей кетсек, тизмедеги адамдын аты-жөнү экс-президенттикине дал келет. КСДП бул боюнча кийинчерээк маалымат бере турганын айтты.

Сайтта Атамбаевдин тушунда 238/1 беренеси көрсөтүлүп турат, бирок кайсы кодекс экени жазылган эмес. ЖКККББнын маалымат кызматы 238/1 беренеси менен (Транспорт каражатын мас абалында айдоо) тартип бузгандар буга чейин жазаланып келгенин белгиледи.

ЖКККББ ушул жылдан тарта 238/1 берене менен жазалоо жоюлганын белгиледи.

Мындай болушу мүмкүн эмес. Бул Административдик кодекстин беренеси, ушул жылдын 1-январынан тарта күчүн жоготкон“, — деп, кийинчерээк түшүндүрмө берилерин айтышты.

Айта кетчү жагдай, тизмеде Атамбаев эле аталган берене менен күбөлүктөн ажыратылды деп турат.

Булак:  sputnik.kg

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь