Туйгунаалы Абдраимовдун ордуна жаңы губернатор келди

213

“Ырайың жакпай калды” деп айткан  Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Туйгунаалы Абдраимовдун ордуна Алтынбек Намазалиев дайындалды. Тийиштүү буйрукка мурда ээлеген кызматынан бошотуп Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Чүй облустук администрациясынын аппарат жетекчисинин маалыматына караганда,  бүгүн Намазалиевди биринчи-вице-премьер Кубатбек Боронов барып, жамаат менен тааныштырды.

Аталган кызматка жаңы келген жетекчи буга чейин  Чүй облусундагы Аламүдүн районунун акими болуп келген.

Эске салсак, Чүй облусундагы мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Туйгунаалы Абдраимов журналист кызды “Ырайың жакпай калды” деп айтып, коомчулуктун жана журналисттердин сынына кабылган. Мындан улам өкмөт башчы кечээ, 10-июнда ээлеген кызматынан бошоткон.

 

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь