УКМКнын мурдагы төрагасы И.Кадыркулов: Алмазбек Атамбаевдин сөздөрү дестабилизациялык фактор

226

Өткөн аптанын аягында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев “Коррупцияга каршы чыныгы күрөш” аталышындагы митинг өткөрүп, азыркы бийликти катуу сындаган.

Атамбаевдин айтымында, 6 жыл бою ошол кездеги губернатор Сооронбай Жээнбеков менен сүйлөшүп алышып, УКМКнын Ош облусундагы башкармалыгынын ошол кездеги башчылары Асылбек Кожобеков, андан кийин Идрис Кадыркулов болгон маалыматты Атамбаевге жеткирбей, жаап-жашырып жүрүшүптүр. Ошонун айынан ал Бажыдагы коррупцияны, Раим Матраимовдун кылыктарын билбей, 6 жыл бою эч нерседен кабары жок отуруптур, бейкапар. Ошондой кызматтары үчүн кийин Кадыркулов УКМКга төрага, ал эми Кожобеков болсо ага орун басар болуп дайындалыптыр.

Бизге жеткен маалыматтарга караганда, Асылбек Кожобековду Ошко кан досу Кубанычбек Кулматов, ал эми Идрис Кадыркуловду Абдиль Сегизбаев жөнөткөн. Губернатордун булар менен иши дагы, аларга буйрук бергендей укугу дагы жок, алар түздөн түз борбордук органга баш ийишкен.

Бул боюнча Идрис Кадыркулов төмөнкүлөрдү билдирди:

Мени Ош облусу боюнча УКМКнын башкармалыгына УКМКнын ошол кездеги төрагасы Абдиль Сегизбаев жөнөткөн. Аймактарда Антикоррупциялык кызматтын бөлүмдөрү дагы 2011-жылдан баштап ачылган. Бул бөлүмдөр түздөн-түз АКСтин директоруна баш ийишкен. Ошондуктан Ош облусундагы УКМКнын башкармалыгы маалымат бербей жүрдү деген сөздөр жүйөөсүз. Өлкөнүн Президентине АКС ж.б. кызматтар жетишерлик маалыматтарды жеткирип турушат. Ушундай чындакка дал келбеген маалыматтарды коомчулукка жарыялоо, болгондо дагы ШКУнун Саммити сыяктуу ири эл аралык иш-чаранын алдында – дестабилизациялык фактор деп эсептейм.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь