Жалал-Абад облусунун Ала-Бука чек ара бөлүгүн өз алдынча таштап качып кеткен аскер кызматкери кармалды. Ала-Бука районунан кармалган аскер кызматкери аскер бөлүккө жеткирилген. Мамлекеттик чек ара кызматынан маалымдагандай, учурда бул окуя боюнча аскер прокуратурасына жана тийиштүү органдарга атайын кайрылуу жөнөтүлдү.
“Учурда аскердин өз билемдик менен бөлүмдү таштап кеткендигинин себептери иликтенүүдө”, – деп айтылат маалыматта.